Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат
Президент Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат.
Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого жана аны базарга үзгүлтүксүз жеткирүүгө жардам берет. Ошондой эле логистикалык борбор аймактын экономикасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.