1-майга чейин Кыргызстанда кимдер салык декларациясын тапшырууга тийиш

1-майга чейин Кыргызстанда кимдер салык декларациясын тапшырууга тийиш

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жарандарга жана жеке ишкерлерге бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктай тургандыгын эскертти.

Маалыматка ылайык, декларация тапшыруу милдети патент менен иштебеген же өзгөчө режимдеги аймактарда иш жүргүзбөгөн жеке ишкерлерге тиешелүү. Мындан сырткары, өлкө аймагындагы эл аралык уюмдарда жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө иштеген жарандар, ошондой эле киреше салыгы кармалбаган киреше алган адамдар да отчет берүүгө милдеттүү.

 Ал эми калган жарандар декларацияны өз ыктыяры менен тапшыра алышат. Бул аларга социалдык же мүлктүк чыгымдар боюнча салыктык жеңилдиктерди алууга мүмкүнчүлүк берет.

 Декларация электрондук форматта гана cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн салык органдарына кайрылууга же 116 номуруна чалууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып