Президент Чоң-Алай районунун айыл чарбасына кошумча каражат бөлүнөрүн билдирди

Президент Чоң-Алай районунун айыл чарбасына кошумча каражат бөлүнөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушту.

Мамлекет башчысы район калкынын негизги ишмердүүлүгү мал чарбачылыгы болгондуктан, фермерлерди колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

“Айыл чарбасын каржылоо–14” долбоорунун алкагында сиздердин райондун фермерлери, дыйкандары 44 млн сом алышыптыр. Жер-жерлерде, анын ичинде сиздерде да дыйкандар насыянын көлөмүнүн аздыгын көйгөй катары көтөрүп жатышыптыр. Жергиликтүү элибиздин талаптарын орундатуу максатында бул айыл чарба багытын жеңилдетилген кредиттер менен толук камсыздоо үчүн дагы кошумча финансы каражатын бөлүүнү чечтик, тиешелүү тескеме кабыл алынды. Эми бардык дыйкан-фермерлер бул жеңилдетилген насыядан ала алышат”, - деди президент.

Мындан тышкары өлкө башчы сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн насостук станциялар жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө Алтын-Дара суу сактагычы (СЖБ) боюнча долборлоо иштери аткарылып жатат. Айылдарды таза суу менен камсыздоодо таза суу системасын жаңыртуу, курулуш жумуштары жакынкы мезгилдерде жасалат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. Жаңы чектөөлөр

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media
Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду. Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000

Ишкер Media
Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media