Тегеран АКШ менен Израилдин соккуларынан болгон чыгымдар 270 млрд долларга жеткенин билдирди

Тегеран АКШ менен Израилдин соккуларынан болгон чыгымдар 270 млрд долларга жеткенин билдирди

Тегеран АКШ жана Израиль тарабынан жасалган соккулардын кесепетинен келтирилген зыян 270 млрд долларга жеткенин Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Фатеме Мохаджерани РИА Новости агенттигине берген маегинде маалымдады.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр азырынча так эмес жана кийинки этаптарда такталып, өзгөрүшү мүмкүн. Зыянды баалоо бир нече баскычта жүргүзүлөт: алгач имараттарга келтирилген чыгым эсептелет, андан соң бюджеттик жоготуулар жана өнөр жай ишканаларынын токтоп калышынан келип чыккан кесепеттер талданат.

Ошондой эле Иран тарап АКШдан аскердик репарация өндүрүү маселесин карап жатканын билдирди. Бул маселе өткөн аптада Исламабад шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдө талкууланган. Мындан мурда Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеи өлкө келтирилген зыян жана курмандыктар үчүн компенсация талап кыларын белгилеген. Анын айтымында, Иран согушту каалаган эмес, бирок өз укуктарынан баш тартпайт.

8-апрелде тараптар эки жумага ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Бирок 11-апрелде өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаганы белгилүү болду.

Мындан тышкары окуңуз

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media
Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media