Жол фонду реформаланат. Быйыл фондго 13 млрд сом түшөт деген божомол бар

Жол фонду реформаланат.  Быйыл фондго 13 млрд сом түшөт деген божомол бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жол фонду жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштады. Реформа жол инфраструктурасын системалуу өнүктүрүүгө, көзөмөлдү санариптештирүүгө жана тармактагы кадр маселесин чечүүгө багытталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы үч жылда жол жыйымдарынан бюджетке түшкөн каражат кескин өскөн. Эгер 2023-жылы бул сумма 99,2 млн сомду түзсө, 2025-жылдын аягына карата фонддун кирешеси 12 млрд сомго жеткен. Негизги өсүш чет өлкөлүк уруксат кагаздарын берүү жана ашыкча жүктөөдөн жолдорго келтирилген зыян үчүн алынган төлөмдөрдүн эсебинен камсыз болгон.

Болжол боюнча, 2026-жылы Жол фондуна түшүүлөр болжол менен 13 млрд сомду түзөт. Учурда бекитилген бюджет 8 млрд сом деңгээлинде.
Фонддун кирешеси миллиарддаган сомго жеткени менен, катардагы кызматкерлердин социалдык абалы төмөн бойдон калууда. 2024-жылы эмгек акынын аздыгынан улам жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлеринин 18%ы жумуштан кеткен.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн мыйзам долбоорунда төмөнкү сунуштар каралган:

  • департаменттин муктаждыктары үчүн атайын эсеп түзүү;
  • айрым жыйымдардын (таразыдан өткөрүү, атайын уруксаттар жана жол жээгиндеги жерлерди ижарага берүү) бир бөлүгүн кызматкерлерди материалдык жактан стимулдаштырууга багыттоо;
  • кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу аркылуу транспорттук көзөмөлдүн 21 суткалык пунктундагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Жаңы өзгөртүүлөр фонддун каражаттарынын 10%ына чейин тармакты өнүктүрүүгө жумшоого мүмкүнчүлүк берет. Бул каражаттар лабораторияларды жаңылоого, атайын техникаларды сатып алууга, санарип мониторинг системаларын киргизүүгө жана жол уюмдарына тиешелүү жер тилкелерин юридикалык жактан каттоого багытталат. Бул жол жээктериндеги жерлерди мыйзамсыз басып алуудан коргоого жардам берет.

Министрликтеги реформанын концепциясы президентке сунушталган. Документтин авторлору мыйзам кабыл алынса, республикалык бюджеттен кошумча чыгым талап кылынбай турганын, анткени тармак өзүн-өзү каржылоо деңгээлине жеткенин белгилешет.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media
Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду. Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000

Ишкер Media
Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media
КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media