Кыргызстанда 3 айда былтыркыга салыштырмалуу экспорт 12,5%га, импорт 1,2%га кыскарды – Н.Керималиева

Кыргызстанда 3 айда былтыркыга салыштырмалуу экспорт 12,5%га, импорт 1,2%га кыскарды – Н.Керималиева

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын тышкы соода көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 2,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук статистика комитетинин төрайымынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы соода жүгүртүү 2,9%га азайган. Экспорт 12,5%га төмөндөгөн, ал эми импорт 1,1%га кыскарган.

Соода түзүмүндө импорттун үлүшү 85,4%ды, ал эми экспорттун үлүшү 14,6%ды түздү.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү да 0,5%га азайып, 816 млн долларды түздү. Биримдиктин ичиндеги сооданын эң чоң үлүшү салттуу түрдө Россияга (67,6%) жана Казакстанга (29,8%) туура келди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?