Кыргызстандын 2026-жылдын I кварталындагы социалдык-экономикалык абалы кандай?

Кыргызстандын 2026-жылдын I кварталындагы социалдык-экономикалык абалы кандай?

Улуттук статистикалык комитетинде быйылкы жылдын январь-март айларындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жана 2025-жылдагы кыргыз демографиялык кырдаалы боюнча маалымат жыйын болду.

Жыйында 2026-жылдын январь-март айларында ички дүң продукт (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 428,6 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 10,1% өскөнү айтылды.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу төмөнкү тармактардагы өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыз болгон: химиялык продукция (3,1 эсе), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердиктин продукциясы (1,7 эсе), фармацевтикалык продукция (1,6 эсе), транспорт каражаттары (49,5%га), резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары (39,7%га), тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары (17,9%га), тазаланган мунай продуктулары (14,6%га), негизги металлдар (10,5%га), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (30,4%га) көбөйгөн.

Курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалып, көлөмү 29,6%га өстү, дүң жана чекене соода – 12,1%га, ошондой эле айыл чарба – 2,8%га көбөйдү.
2026-жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3%ды түздү.

Ошол эле учурда, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,3%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары – 3,1%га, азык-түлүк эмес товарлар – 0,5%га, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери – 5,3%га жогорулады.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республикадагы бардык аймактарда байкалды. Мында эң жогорку өсүш Ош облусунда катталып (7,2%), бул тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардын (5,4%га), азык-түлүк эмес товарлардын (5,5%га) жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтеринин (12,3%га) жогорулашы менен шартталды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media