Айрым өткөрмө пункттарда жүк ташуучу унааларды текшерүү убактысы кыскарды

Айрым өткөрмө пункттарда жүк ташуучу унааларды текшерүү убактысы кыскарды

Кыргызстандын бир катар өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унааларды текшерүү жана каттоо убактысы кыйла кыскарды. Жүк агымы бир нече эсеге көбөйгөнүнө карабастан, бир сааттан аз убакытта контролдон өтүү көрсөткүчү жогорулагандыгын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, “Достук” өткөрмө пунктунда акыркы бир жыл ичинде жүк ташуучу унаалардын 1 сааттан аз убакытта өтүү үлүшү 48%дан 82%га чейин өстү. Ошол эле учурда жүк агымы да кескин көбөйүп, 2025-жылдын 1- кварталында 3842 унаа өткөн болсо, 2026-жылы ушул мезгил аралыгында бул көрсөткүч 10 миң 299га жетти.

Ошондой эле Кызыл-Кыя өткөрмө пунктунда да оң динамика байкалууда. Бул жерде 2025-жылдын 1- кварталында унаалардын 25% гана бир сааттан аз убакытта өтсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 60%га чейин жогорулаган.

Адистердин айтымында, мындай жыйынтыктар жүк көбөйгөн шартта да чек арадан өтүү процессин ылдамдатууга мүмкүн болгонун көрсөтөт. Бул процесстерди оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана заманбап технологияларды киргизүүнүн натыйжасы болуп эсептелет.

Бул багыттагы иштер улантылып, башка өткөрмө пункттарда да натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чаралар этап-этабы менен ишке ашырылмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media