"Бай-Талаа" логистикалык борборуна өзбек инвесторлор кызыкдар

"Бай-Талаа" логистикалык борборуна өзбек инвесторлор кызыкдар

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү "Кыргыз Эко Экспорт" ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Бай-Талаа" логистикалык борборунун долбоорун илгерилетүү боюнча иштерди улантууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан бул долбоор ишке ашыруунун акыркы баскычында турат. Ал айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана экспорттоо үчүн заманбап инфраструктура түзүүгө багытталган.

Долбоорду илгерилетүүнүн алкагында Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын ири инвестициялык компанияларынын бири — BMB Holding үчүн презентация уюштурду. Жолугушууда логистикалык борбордун мүмкүнчүлүктөрү, өнүгүү концепциясы жана айыл чарба тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өзбек тарап долбоорго кызыгуусун билдирип, кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын мамлекеттик жана жеке сектор өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү, ошондой эле чийки затты жана даяр продукцияны жеткирүү багыттары боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Өткөрүлгөн иш-чаралар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну чыңдоого, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кант шаарында алдын алуу иш-чарасы учурунда унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун документтерин текшеришкен. Жаран айдоочулук күбөлүгүн үйүндө калтырганын айткан. Кызматкерлер заманбап планшет аркылуу маалыматтарды текшеришип, айдоочунун

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү боюнча “Нелегал” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, 5-19-августта 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган. 20-августта өткөн “Нелегал Мото-курьер” рейдинде 48 чет өлкөлүк

Майлуу-Суудагы 1953-жылы курулган стадионду жаңылоо долбоору даярдалат

Майлуу-Суудагы 1953-жылы курулган стадионду жаңылоо долбоору даярдалат

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 27-августта Жалал-Абаддын Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларына иш сапары менен барып, бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк жыйлардын абалы менен таанышты. Алгач төрага 1953-жылы курулган Майлуу-Суу шаардык стадионун көрүп, аны жаңылоо боюнча долбоор эки айдын ичинде даярдалып, 2027-жылдын бюджетине киргизүү

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы жайылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Мобилдүү госпиталь 21 унаадан жана 31 чатырдан турат. Анда хирургиялык операция жасоочу жай, УЗИ жана рентген аппараттары, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана каралган. Госпиталь күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алууга, 20га чейин