"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы 2025-жылы көмүр жагууну 385 тоннага кыскартты

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы 2025-жылы көмүр жагууну 385 тоннага кыскартты

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы өткөн жылы беш от казанына жылуулук насосторун орнотуу менен көмүр жагууну 385 тоннага кыскартканын Бишкек жылуулук электр борборундагы жылытуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда айтылды. 

Жыйында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү талкууланды. 

Мэр Айбек Жунушалиев шаар жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөргөндүгүн айтты. 

“Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ЖЭБи өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн көрсөттү. 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгилинде электр энергиясын өндүрүү пландалган көрсөткүчтөрдөн жана өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору болду”, — деди мэр.

Мындан тышкары, шаар башчысы былтыр комплекстүү даярдык жана экологиялык саясаттын алкагында мурда иштебей турган түтүн тазалоо системасы ишке киргизилгенин өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле мурда күл сактоочу жайды тазалоого болжол менен 30 млн сом сарпталса, азыр Бишкек ЖЭБи кургак күлдүн тоннасын 2815 сомдон сатууда.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.  Малыматка ылайык, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук топ

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында жаңы поликлиника курулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июнда мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда медициналык мекемелерди куруу боюнча келишимге кол коюлду. Демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария өкмөтү каржылаган «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу ишке ашырылат. Жаңы

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

УКМК Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматта коррупциялык схема иштеп келгенин билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айрым кызмат адамдары эт продукциясын импорттоого уруксат берүүчү документтерди жана квоталарды бөлүштүрүүдө ишкерлерден мыйзамсыз акча алып турушкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда алынган каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүү маалында

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү астында союз мезгилинен бери асфальт төшөлбөй келген Манас көчөсүнө капиталдык реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Узундугу 1 чакырымды түзгөн көчө заманбап талаптарга ылайык, эки тилкелүү болуп курулуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат. Мындан тышкары сугат