Кыргызстан PGI Fund менен жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан PGI Fund менен жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде "Глобалдык инфраструктура жана инвестициялар боюнча өнөктөштүк" (PGI Fund) эл аралык демилгесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууга министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле PGI Fund делегациясы жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана соода жол-жоболорун өркүндөтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл бажы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, процесстерди санариптештирүүгө жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга бурулду.

PGI Fund өкүлдөрү транспорт, энергетика, санариптик инфраструктура жана агроөнөр жай тармактарында инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштарын беришти. Бул демилгелер Транскаспий соода маршруту алкагында аймактык байланыштарды чыңдоого багытталган.

Ошондой эле тараптар соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин карашты. Кыргыз тарап бул багыт мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, заманбап инструменттерди киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз тарап тарабынан конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, аларды PGI Fund’дун техникалык командасына кароого сунуштоо боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле демилгелерди ишке ашырууда каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media