Кыргызстанда кореялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда

Кыргызстанда кореялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров кореялык консорциумдун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Консорциумдун курамына Far East University, Chungbuk Technopark жана HS Solar Energy Co., Ltd кирет. Жолугушууга ошондой эле ОсОО "МК Инвест" компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана кызматташууну өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.

Кыргыз тарап экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы негизги инвестициялык долбоорлорду сунуштады. Өз кезегинде кореялык консорциум билим берүү, технологиялык өнүгүү жана кайра жаралуучу энергетика багыттары боюнча өз демилгелерин тааныштырды.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.  Малыматка ылайык, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук топ

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында жаңы поликлиника курулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июнда мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда медициналык мекемелерди куруу боюнча келишимге кол коюлду. Демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария өкмөтү каржылаган «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу ишке ашырылат. Жаңы

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

УКМК Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматта коррупциялык схема иштеп келгенин билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айрым кызмат адамдары эт продукциясын импорттоого уруксат берүүчү документтерди жана квоталарды бөлүштүрүүдө ишкерлерден мыйзамсыз акча алып турушкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда алынган каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүү маалында

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү астында союз мезгилинен бери асфальт төшөлбөй келген Манас көчөсүнө капиталдык реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Узундугу 1 чакырымды түзгөн көчө заманбап талаптарга ылайык, эки тилкелүү болуп курулуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат. Мындан тышкары сугат