Кыргызча “икигай”: канткенде пенсионерлер өлкөнүн ИДПсына 2,5% салымын кошо алат

Кыргызча “икигай”: канткенде пенсионерлер өлкөнүн ИДПсына 2,5% салымын кошо алат

Кыргызстан жаш мамлекет: жергиликтүү жарандардын орточо жаш курагы 28–29 жашты түзөт. Бирок демографиялык тенденциялар калктын акырындык менен улгайып бараткандыгын көрсөтүүдө. Economist.kg редакциясы пенсияга чыккан адам коомго жүк болот деген түшүнүктү четке кагып, дүйнөлүк тажрыйбага, айрыкча Япониянын мисалында, пенсионерлер экономикада активдүү роль ойной алаарын тастыктап көрүүнү туура тапкан.

Эл арасында пенсияга чыккан адам мамлекетке да, коомго да түрткүнчүк болуп калат деген жаңылыш ой калыптанып калган. Чындыгында, дүйнө жүзүндө азыр пенсия курагындагы адамдар социалдык – экономикалык (кээде саясий) багытта активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын көрүүгө болот. Бул боюнча “күмүш экономиканы” түптөө жагынан дүйнөлүк рекорд жараткан Япониянын тажрыйбасына көңүл буралы.

Күмүш экономика – бул улгайган адамдардын экономикага жумушчу, ишкер жана керектөөчү катары катышып, кошумча суроо-талапты, кирешени жана өсүштү жаратышы аталат.

Япониядагыдай пенсия

Японияда Silver Human Resource Centers (SHRC) түйүнү 1974-жылдан бери улгайган адамдар үчүн альтернативдүү эмгек рыногун түзүп келет. Анын 1300 муниципиалдык борбору 700 миңдей улуу жаш курактагы адамдардын башын бириктирет. Азыр бул борборлор пенсионерлерге жарым-жартылай (кыскартылган) жумуш сунуштайт: ар түрдүү тейлөө кызматынан баштап - көрктөндүрүү, үй кожейкелерине же мектепке жардам берүү сыяктуу иштер бар.

Иштин негизи – жөн эле жумуш сунуштабай “назик” иш менен камсыздалып: убактылары чектелүү, жумуш жүктөмү оор эмес жана тапшырманын мүнөзү да жеткиликтүү болот.

Бул улгайган адамдардын эмгек рыногуна жүгүн артпастан, толук кандуу экономикалык активдүүлүктү сактап, мамлекетке – аларды системалуу негизде экономикалык процесске тартууга шарт түзөт.

Натыйжада 65 жаштан жогору жарандардын 25%ы ишин улантат, ал эми 65-69 жаштагылардын тобунда жарандардын 50% ашууну иш менен камсыз болушат. Жыйынтыгында, өлкөнүн жалпы жумушчуларынын орто эсеп менен 13-14% улгайган адамдар түзөт. Бул дүйнө жүзүндөгү эң жогорку көрсөткүч жана демографиялык картайууга карата түз жооп болуп эсептелет.

Белгилей кетүүчү нерсе, маданий аспект: Японияда улгайган кезде иштөө норма, керек болсо баалуулук катары саналып, “икигай” концепциясы менен байланышкан – активдүүлүк менен пайдалуу болуу аркылуу жашоонун маңызы катары бааланат. Бул модель калктын картаюусу экономикалык өсүшкө тоскоолдук эмес, тескерисинче мүмкүнчүлүккө айландырууда.

Кыргызстандын күмүш экономикасы

Кыргызстанда да улгайган жарандарды экономикага тартууга шарт түзүүчү институттар азыр калыптануу стадиясында турат. Жада калса Эмгек министрлиги тарабынан улгайгандарга арналган активдүү узак жашоо программасы да иштелип чыккан.     

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 408 миңден ашуун улгайган жаран жашайт жана алар экономикага тартыла турган болсо, салмактуу макроэкономикалык натыйжаны көрүүгө болоор эле. Эгерде алардын 25%ы (болжол менен 100 миңи) эмгекке тартылса жана айына орточо 12–15 миң сом киреше тапса, анда экономикага жылына 14–18 млрд сом кошумча каражат түшүп турмак.

Ал эми японияга жакыныраак активдүү моделди карасак, улуу адамдардын 30–35% (120-140 миң адам) ишке тартылып, кирешеси 15–18 миң сомго чейин өссө, “күмүш экономиканын” көлөмү жылына 25–30 млрд сомго чейин жетмек. Бул каражаттар түздөн-түз өлкөнүн ички талаптарына айланып, чакан ишкердикти, кызмат көрсөтүүнү жана байкалып жаткан жумушчу күчтүн тартыштыгын жоюп, жергиликтүү эмгек рыногун колдоого алмак. Ошондой эле ички керектөөнү көбөйтүп, чакан бизнеске жана кызмат көрсөтүү тармагына кошумча дем бермек.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.  Малыматка ылайык, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук топ

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында жаңы поликлиника курулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июнда мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда медициналык мекемелерди куруу боюнча келишимге кол коюлду. Демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария өкмөтү каржылаган «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу ишке ашырылат. Жаңы

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

УКМК Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматта коррупциялык схема иштеп келгенин билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айрым кызмат адамдары эт продукциясын импорттоого уруксат берүүчү документтерди жана квоталарды бөлүштүрүүдө ишкерлерден мыйзамсыз акча алып турушкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда алынган каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүү маалында

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү астында союз мезгилинен бери асфальт төшөлбөй келген Манас көчөсүнө капиталдык реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Узундугу 1 чакырымды түзгөн көчө заманбап талаптарга ылайык, эки тилкелүү болуп курулуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат. Мындан тышкары сугат