Б.Төрөбаев: Өлкө боюнча 200 инвестициялык долбоор даярдалат

Б.Төрөбаев: Өлкө боюнча 200 инвестициялык долбоор даярдалат

Күн мурун Жалал-Абад облусунда Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда инвестициялык долбоорлорду түзүүгө арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги жана Чаткал, Ала-Бука, Токтогул райондорунун акимдери катышты.

Жолугушуунун негизги максаты – аймактардагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүүнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгуу болду.

Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык райондорунун инвестициялык потенциалы жеринде талданып жатканын белгиледи. Анын айтымында, долбоорлордун экономикалык натыйжалуулугу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери негизги көңүл борборунда.

Ал ошондой эле Кыргызстан боюнча жалпысынан 200 инвестициялык долбоор даярдоо пландалып жатканын айтты. Бул долбоорлор энергетика, туризм, өндүрүш, медицина жана билим берүү тармактарын камтыйт.

Мындан тышкары, жергиликтүү деңгээлде ишкерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге долбоор жазуу жана техникалык-экономикалык негиздеме түзүү боюнча окутуулар өткөрүлөрү белгиленди.

Белгилүү болгондой, буга чейин ушундай жыйындар Ош жана Чүй облустарында өткөрүлгөн. Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы жана Ноокен райондорунда жолугушуулар улантылат.

Бул иштер Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык аймактык инвестициялык портфелди системалуу түрдө түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media