Ички дүң продукция 10%га көбөйгөнү айтылды

Ички дүң продукция 10%га көбөйгөнү айтылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, делегациянын Вашингтон шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү каралды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында 2026-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1%га көбөйүп, 428,6 млрд сомду түздү.

Экономиканын негизги секторлору боюнча өсүш динамикасы:

-Курулуш: +29,6%;
- Кызмат көрсөтүү чөйрөсү: +7,7%;
- Айыл чарбасы: +2,8%;
- Өнөр жай: +14,0%.

МинКаб башчысы өнөр жай өндүрүшүндөгү сапаттык өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл бурду. Химиялык продукцияны өндүрүүдө (3,1 эсе), фармацевтикада (1,6 эсе), транспорт каражаттарында (+49,5%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда (+30,4%) олуттуу өсүш катталды. Курулуш материалдарын өндүрүү (+39,7%), тамак-аш өнөр жайы (+17,9%), тазартылган мунай продуктуларын өндүрүү (+14,6%) жана негизги металлдарды өндүрүү (+10,5%) туруктуу өсүү көрсөткүчтөрүн көрсөтүүдө.
Отчеттук мезгилде негизги капиталга инвестициянын көлөмү 77,3 млрд сомду түзүп, 25,5%га өстү. Бул динамика ички каржылоо булактарынын 1,2 эсеге жана тышкы булактардын 1,5 эсеге көбөйүшү менен камсыздалды. 
Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Вашингтонго болгон жумуш сапарынын жыйынтыгын чыгарып, эл аралык каржы институттары жана технологиялык корпорациялар менен негизги макулдашууларга жетишилгенин белгиледи.

Жыйындын соңунда мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине 2026-жылдын экинчи кварталына карата коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media
“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media