Кыргызстанда инвестициялар 25%дан ашык өстү — I кварталдын жыйынтыгы

Кыргызстанда инвестициялар 25%дан ашык өстү — I кварталдын жыйынтыгы

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы системалуу ишин улантууда. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитетинин жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөдө негизги капиталга инвестициялардын туруктуу өсүшү байкалган.

Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25,5%га жогорулаган. Ички инвестициялар 1,2 эсеге көбөйсө, тышкы инвестициялардын агымы дагы да жогорку темп менен өсүп, 1,5 эсени түзгөн.

Негизги инвестициялар кен казуу тармагындагы объекттерди курууга, кайра иштетүү өнөр жайына, транспорт жана логистика тармагына, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Адистер белгилегендей, мындай оң динамика инвесторлордун Кыргызстандын реалдуу секторуна жана ири инфраструктуралык долбоорлоруна болгон кызыгуусу жогору бойдон сакталып жатканын көрсөтөт.

Инвестициялык долбоорлорду коштоо жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Улуттук агенттиктин жүргүзүп жаткан иши инвестициялык активдүүлүктү арттырууга жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн негиз түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media