Казакстан: Жаңы Салык кодексинин таасиринде жеке ишкерлердин саны 3,6%га кыскарды
Казакстанда фискалдык басымдын күчөшү жана салыктык администрациянын катуулатылышы шартында иштеп жаткан юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин саны массалык түрдө кыскарып жатканын economist.kg сайты жазды.
inbusiness.kz порталынын маалыматына шилтеме кылган сайт бул өлкөдө катталган 550,7 миң компаниянын ичинен чындап иштеп жаткандары болгону 203,2 миң экенин, тагыраагы рынокто ар бир үчүнчү гана ишкана жашап калып жатканын маалымдайт.
inbusiness.kz порталы Улуттук статистика бюросуна шилтеме берип жазгандай, 2026-жылдын 1-апрелине карата республикадагы бизнес субъекттеринин олуттуу бөлүгү формалдуу гана бар. 184,9 миңден ашуун уюм ишмердүүлүгүн расмий түрдө токтоткон, дагы 4,1 миңи банкроттук же жоюу баскычында турат.
Активдүүлүктүн төмөндөшү экономиканын негизги тармактарынын баарына таасирин тийгизди: эң көп жабылуулар дүң жана чекене соодада, курулушта жана кесиптик кызмат көрсөтүү секторунда катталган. Чет элдик капитал да өлкөдөгү катышуусун кыскарта баштады — катталган дээрлик 3,9 миң чет элдик компания филиалдарынын ичинен жарымынан бир аз көбү гана активдүү бойдон калууда.
Чакан бизнес сегментинде абал да анча жакшы эмес. Бир жыл ичинде катталган жеке ишкерлердин саны 3,6%га кыскарган. Ошол эле учурда таксисттер менен фрилансерлерди легалдаштыруу аркылуу бизнес субъекттеринин саны өстү деген расмий маалыматтар кесипкөй ишкерлердин кетишин толук жаппай жатат.
Жаңы Салык кодексинин киргизилиши жана агрессивдүү администрлөө парадоксалдуу натыйжага алып келди: реалдуу сектор кыскарып жаткан шартта 2026-жылдын биринчи чейрегинде мамлекеттик бюджеттин кирешеси 17%га өстү. Эксперттер бул фискалдык ийгиликти экономикалык өсүш менен эмес, рынокто калган катышуучуларга жүктүн кайра бөлүштүрүлүшү менен түшүндүрүшөт.
Бизнеске болгон басым карыздардын көлөмү менен да тастыкталууда — ал 1,1 трлн теңгеге жеткен. Анын дээрлик жарымы өсүмпулдар менен айып пулдарга туура келет.
Өкмөт жарыялаган салык амнистиясы анча натыйжалуу болгон жок: жалпы карыздын ичинен болгону 7,7 млрд теңге гана кечилген, бул жалпы көлөмдүн 1%ына да жетпейт. Жыл ичинде ИДПнын өсүү темпи дээрлик эки эсеге жайлап, реалдуу көрсөткүчтө 3%ды түздү. Бул өкмөттүн экономиканы жыл сайын 6% деңгээлде өстүрүү максаттарына жетүү мүмкүнчүлүгүн күмөн санатат.
Тарифтердин жогорулашы жана көзөмөлдүн күчөшү шартында ишкердик чөйрө кыскарып, ашыкча басымга жооп катары бизнес “тынч режимге” өтүп жатат.