Беларусь Кыргызстандан эмгек мигранттарын тартууга кызыкдар

Беларусь Кыргызстандан эмгек мигранттарын тартууга кызыкдар

Беларусь Кыргызстандан эмгек мигранттарын активдүү тартууну пландап жатканын республиканын ички иштер министринин орун басары Геннадий Казакевич билдирди.

Анын айтымында, 2025–2027-жылдарга карата эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү боюнча жол картасы башка багыттар менен катар Беларус экономикасына эмгек мигранттарын тартууну да камтыйт.

"Азыркы учурда жалпы республикалык бош жумуш орундар банкынын маалыматына ылайык, Беларуска 147 миңден ашуун жумушчу күчү керек. Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын агымы азырынча аз — биздин эсеп боюнча болгону 180 адам", — деди Геннадий Казакевич.

Ишкердик жана гуманитардык байланыштарды, Бишкек менен Минскинин ортосундагы аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү үчүн тараптар жарандардын өз ара өлкөлөрдө болуу тартиби тууралуу макулдашуу иштеп чыгышкан. Ушуга байланыштуу Беларус парламентинин төмөнкү палатасы болгон Өкүлдөр палатасы бул документти ратификациялоо жөнүндө мыйзамды кабыл алды.

Геннадий Казакевичтин пикиринде, бул эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылат. Негизги жобо — жарандар убактылуу жүргөн жеринде 30 календардык күн ичинде тиешелүү органдарда каттоодон өтүү милдетинен бошотулат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media