Евробиримдик 18 жаштагы 40 миң жаранга Европаны кыдыруу билеттерин ойнотот

Евробиримдик 18 жаштагы 40 миң жаранга Европаны кыдыруу билеттерин ойнотот

Евробиримдик жаштар үчүн DiscoverEU программасына жаңы кабыл алууну жарыялап, 18 жаштагы жарандарга 40 миң акысыз темир жол билеттерин ойноторун Kazinform маалымдады.

Билеттерди ойнотууга 2007-жылдын 1-июлунан 2008-жылдын 30-июнуна чейин туулган, Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн же айрым өнөктөш мамлекеттердин (Норвегия, Исландия, Түркия) жарандары же ошол жакта жашоого уруксаты бар жаштар катыша алышат.

DiscoverEU программасынын алкагында катышуучулар Европаны поезд менен кыдырып, ар түрдүү шаарлар жана маданияттар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Сапар дээрлик акысыз же минималдуу чыгым менен ишке ашат.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө жатакана, музейлер, маданий иш-чаралар жана спорт объектилерине барууда ар кандай арзандатуулар берилет.

Тандоо эки этап менен жүргүзүлүп, алгач онлайн-викторинадагы жооптор бааланат, андан кийин катышуучулардын саны көп болсо, ийгиликтүү өткөндөрдүн арасында туш келди тандоо өткөрүлөт.

DiscoverEU Pass билети бир айлык мөөнөткө берилип, бирок аны колдонуу жети күн менен чектелет. Катышуучулар атайын DiscoverEU Travel тиркемеси аркылуу маршрутун өз алдынча түзүп, Европанын каалаган багыттарын тандай алышат. Саякатты жалгыз же беш кишиге чейинки топ менен жасоого болот.

Адатта эң популярдуу багыттарга Италия, Франция, Испания, Германия, Нидерланды, Чехия жана Австрия кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media