Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Иран транспорттук коридору товардык агымдарды көбөйтөт

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Иран транспорттук коридору товардык агымдарды көбөйтөт

Борбор Азия аркылуу транспорттук коридорлорду өнүктүрүү аймактын логистикалык потенциалын олуттуу күчөтүп, эл аралык сооданын көлөмүн көбөйтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев "Глобалдык туруксуздук шартында стратегиялык ресурстарды казып алуу тармагындагы кызматташуунун жаңы форматтары: Кыргызстан үчүн чакырыктар жана келечек" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү экономикалык өсүштүн негизги багыттарынын бири катары карайт.

"Биз буга чейин эле Бандар-Аббас порту менен байланышкан багыттарды карап жатабыз. Биз портторго барып, инфраструктураны көрүп чыгып, темир жолду ушул аймакка чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык", — деди Ибраев.

Ал кошумчалагандай, Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктирип, Иран портторуна чыгуучу транспорттук маршрутту түзүү өзгөчө мааниге ээ.

"Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан долбоору жана андан ары Иран аркылуу чыгуу абдан чоң потенциал түзөт. Көптөгөн эксперттердин пикиринде, бул биздин өлкө үчүн товар агымдарын жана порттук инфраструктураны өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деди ал.

Союздун жетекчисинин айтымында, транзиттик өлкө ролу маанилүү болгону менен, узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүү үчүн жетишсиз.

"Транзиттик өлкө фактору экономикалык жактан пайдалуу, бирок бул жетишсиз. Азыр транспорттук коридорлорду бойлой ири логистикалык борборлорду түзүү маселелери активдүү иштелип жатат", — деп түшүндүрдү ал.

Ибраев белгилегендей, мындай долбоорлор аймактагы өлкөлөр, Россия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен контейнердик жана үймө жүктөрдү темир жол аркылуу ташууну бириктирет.

"Бул Россия аркылуу контейнердик жана балкердик жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, Түркия жана башка өлкөлөр менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзөт, — деди ал.

Ошондой эле Каспий деңизи аркылуу жаңы маршруттар талкууланууда.

"Жакында Каспий аркылуу — Крымдан Россия тарапка жана мүмкүн болсо андан ары Европага чейин жүк ташууну уюштурууга даяр компаниялардын өкүлдөрү келишти. Мында контейнерлерди кайра жүктөбөстөн, транспорт каражаттарынын түз өтүүсү каралууда", — деди ал.

Анын айтымында, Борбор Азия акырындык менен Евразиянын маанилүү логистикалык түйүнүнө айланып баратат.

"Борбор Азия бүгүн транспорттук-логистикалык кыймылдар үчүн, анын ичинде жаңы технологияларды колдонуу менен, чоң потенциалы бар евразиялык мейкиндик болуп саналат", — деди ал.

Ошондой эле ЕАЭБ алкагында транспорт агымдарын башкарууда жасалма интеллектти колдонуу жана интеграцияланган логистиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатканы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media