Казакстан 1-майдан тарта "Дружба" мунай куурунан ажырашы мүмкүн

Казакстан 1-майдан тарта "Дружба" мунай куурунан ажырашы мүмкүн

Казакстан Европа биримдигине мунай экспорттоочу негизги өлкөлөрдүн арасында үчүнчү орунду ээлегенин Deutsche Welle'ге шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн ЕБдеги жалпы мунай импортундагы үлүшү 11,5%ды түзөт. Казакстан бул көрсөткүч боюнча Норвегия жана АКШ өлкөлөрүнөн гана артта калды. Германияда казак мунайынын үлүшү дагы жогору — бардык жеткирүүлөрдүн 13,5%ын түзөт. Бул өсүш Россияга каршы санкциялар киргизилгенден кийин мүмкүн болду, анткени мурда негизги жеткирүүчү ошол өлкө эле.

Казакстандын мунай экспортунун болжол менен 80%ы Каспий түтүк консорциуму аркылуу өтөт. Ал Новороссийск шаарына чейин жетет. Андан ары мунай танкерлер менен Европа портторуна, анын ичинде Триест шаарына жеткирилет. Ал жактан Трансальпий түтүк жолу аркылуу Австрия, Чехия жана Германиянын түштүгүндөгү заводдорго жөнөтүлөт. Мисалы, Бавария өзүнүн нефть импортунун 50%ын Казакстандан камсыздайт.

Бирок казакстандык экспорттоочулар 2026-жылдын 1-майынан тарта "Дружба" мунай түтүгү аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу Reuters билдирип, Россия тарап тиешелүү чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатканын маалымдаган.

Акыркы жылдары бул багыт экспортту диверсификациялоонун негизги жолдорунун бири катары каралып келген. 2025-жылы Германияга ушул куур аркылуу 2,1 млн тонна нефть жеткирилсе, 2026-жылдын биринчи кварталында эле 730 миң тонна жөнөтүлгөн. Бул өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

Транзиттин токтошу Казакстандын мунайын Европа рыногуна жеткирүү стратегиясына олуттуу таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан өлкө альтернативалуу маршруттарды издеп жатат. Алардын бири — Ортоңку коридор (ТМТМ). Казакстандын президенти Германия менен сүйлөшүүлөрдө бул багытты Трансевропалык транспорт тармагына интеграциялоого көмөктөшүүнү сунуштаган. Европа өнөктөштөрү бул долбоорго 10 млрд евро инвестиция бөлүүгө макул болушкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан дагы бир көп кабаттуу турак үй мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов Ахунбаев көчөсү, 173 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугушуп, объекттин

Февралда мигранттар Кыргызстанга 224 млн доллардан ашык акча которушкан

Февралда мигранттар Кыргызстанга 224 млн доллардан ашык акча которушкан

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 224,2 млн долларын түзгөнүн Улуттук банкы билдирди. Негизги акча агымы КМШ өлкөлөрүнөн келип, жалпы 208,2 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген каражаттар 16 млн доллар болгон. Эмгек мигранттарынан жана жеке адамдардан келген акча которуулар өлкө ичиндеги төлөө

Жол фондунун 10%ын  тармакты өнүктүрүүгө жумшалат

Жол фондунун 10%ын  тармакты өнүктүрүүгө жумшалат

Жол фондунун каражатынын 10%ы тармакты өнүктүрүүгө багыттоо тууралуу мыйзам долбоору үч окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы ырастады. “Мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев тааныштырды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жол фондусуна топтолгон каражаттын 10%ын тармактын өзүн өнүктүрүүгө багыттоо сунушталууда. «Тармактын системалуу өнүгүүсүн

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Бүгүн Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Транспортту өнүктүрүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги XIV жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жыйындын күн тартибинде транспорт тармагын санариптештирүү жана транзиттик процедураларды жөнөкөйлөтүү маселелери каралды. Иш-чаранын алкагында негизги көңүл санариптештирүүгө бурулуп, уюмга мүчө мамлекеттер арасында "e-CMR&