Кыргызстан мөмө-жемиш экспортун өнүктүрүүгө багыт алууда

Кыргызстан мөмө-жемиш экспортун өнүктүрүүгө багыт алууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинде мөмө-жемиштин ири импортеру – “Ягодный союз” бирикмесинин башкы директору Игорь Бугорский менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз мөмө-жемиш багбанчылыгын өнүктүрүү жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар экспортко багытталган, жогорку суроо-талапка ээ алчанын жаңы сортторун өстүрүү, мөмө-жемишти туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу, ошондой эле заманбап агротехнологияларды киргизүү аркылуу өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу багыттарын карашты.

Өз кезегинде “Ягодный союз” бирикмеси сапаттуу көчөттөр менен камсыз кылууга, фермерлерди жана агрономдорду заманбап агротехнологияларга окутууга, ошондой эле тармакка методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, “Ягодный союз” концерни 120дан ашуун ишкананы – багбандарды, технологдорду жана ташып-жеткирүү кызматтарын бириктирип, Россиянын мөмө-жемиш рыногунда жана агротехнология тармагында маанилүү ролду ойнойт.

Жолугушууда уюмдун мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана экспортко даярдоо мүмкүнчүлүктөрү жогору экени да белгиленди. Россияда мөмө-жемишке болгон суроо-талаптын жогору болушу, айрыкча тоңдурулган продукцияны экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну кеңейтүүгө жана мөмө-жемиш багбанчылыгы багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media