Кыргызстанда 113 өнөр жай обьектиси ишке ашыруу пландалууда

Кыргызстанда 113 өнөр жай обьектиси ишке ашыруу пландалууда

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү пландаштырылган 113 өнөр жай объектисин ишке ашыруу жана ишке киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмү ырастады.

Маалыматка таянсак, жолугушуунун жүрүшүндө бир катар ишканалардын өз убагында ишке киришине тоскоол болгон көйгөйлүү маселелер кеңири талкууланды. Атап айтканда, жер тилкелерин трансформациялоодогу кечигүүлөр, инженердик инфраструктураны (электр энергиясы, суу каналдары) тартуудагы кыйынчылыктар жана уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар тууралуу сөз болду.

МинКаб башчысы бул объектилерди ишке киргизүү өлкө экономикасы үчүн стратегиялык милдет болуп саналарын, анткени бул аймактарда миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыздап, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтөрүн баса белгиледи. 
Мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайрылып, Адылбек Касымалиев ишкерлер менен иштөөдөгү ыкмаларды түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. 
"Инвесторго жардам жана аны коштоо бардык этаптарда системалуу болушу керек - айыл өкмөтүнүн башчысынан баштап Министрлер Кабинетине чейин, жана бул 113 объектке гана тиешелүү эмес. Кыргызстанга капитал салгысы келген ар бир инвестор мамлекеттин реалдуу колдоосун сезиши керек. Жер-жерлерде «бири бирине оодармай» болбошу керек жана мөөнөттөр создуктурулбашы керек. Эгерде инвестордун көйгөйү болсо - бул сиздин жеке көйгөйүңүз, аны сиз чечүүгө милдеттүүсүз", - деп билдирди Министрлер Кабинетинин башчысы.

 



Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып