Зергерчилик тармагына колдоо: чийки зат арзандап, жеңилдетилген насыялар берилет

Зергерчилик тармагына колдоо: чийки зат арзандап, жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган жаңы чаралар кабыл алынды. Бул демилгелер Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилди.

Экономика министрлигинин маалыматка ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында баалуу металлдарды сатуу тартиби өзгөртүлдү. Эми ишканалар чийки затты London Bullion Market Association белгилеген баадан 2% арзандатуу менен сатып ала алышат. Мында металлдар мамлекеттик фонддон улуттук валютада, рыноктук баада жана жеңилдик менен сунушталат.

Чийки затты алуу үчүн ишканалар атайын салыктык каттоодон өтүп, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн тастыкташы керек. Ошондой эле сатып алуу белгиленген тартипте – өтүнмө берүү, келишим түзүү жана төлөм жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.

 Мындан тышкары, зергерчилик тармагындагы ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү долбоору да ишке кирди. Ага ылайык:

-        субъекттер: атайын каттоодо турган юридикалык жана жеке ишкерлер;

-        суммасы: 90 млн сомго чейин;

-        пайыздык чени жылдык 6% жеңилдетилген;

-        180 күнгө чейин кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү;

-        мамлекеттик пайыздык чендин 9,67% бөлүгүн субсидиялайт.

Долбоорду ишке ашырууга 87,1 млн сом каралып, жалпы каржылоо көлөмү 1 млрд сомго чейин жетери күтүлүүдө. Насыяларды Элдик Банк жана АБанк аркылуу алуу мүмкүн.

Бул демилгелер зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүү үчүн туруктуу негиз түзүп, өлкө экономикасындагы продукциянын үлүшүн жогорулатат. Ошондой эле ишкерлердин чыгымдарын азайтууга, жабдууларды жаңыртууга, ал эми мамлекет үчүн — өнөр жай потенциалын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media
"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо

Ишкер Media
Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды. Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу

Ишкер Media