Адылбек Касымалиев статистика кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады

Адылбек Касымалиев статистика кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады

26-апрель, КРнын статистика органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы. Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев — кыргыз статистикасынын 100 жылдыгы менен аталган мекеменин окүлдөрүн куттуктады.

Кабминдин төрагасынын куттуктоосунда акыркы бир кылым ичинде улуттук статистика татаал, бирок татыктуу өнүгүү жолун басып өткөнүн белгилеп, бүгүнкү күнгө чейинки социалдык-экономикалык процесстерди чагылдырган маанилүү система болуп эсептелээин билдирди.

"Улуттук статистика органы катары сиздер өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын 1 триллион сомго жеткендигин күбөлөндүрдүңүздөр жана кезекте 2 триллион сомдук чекке жеткендиги тууралуу кабартурат. Дал сиздер менен бирге өлкөбүз 7 миллионунчу жарандын төрөлгөндүгүн майрамдады" - деп билдирген куттуктоодо.

Касымалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эл аралык стандарттарды колдонгон, заманбап технологияларга негизделген жана дүйнөлүк статистикалык системанын бир бөлүгүнө айланган орган болуп эсептелет.

Министрлер Кабинетинин төрагасы статистика тармагындагы адистердин кесипкөйлүгүнө жана эмгегине жогору баа берип, ардагерлерге ыраазычылык билдирди. Ал улуттук статистика мындан ары да өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошооруна ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media
"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо

Ишкер Media
Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды. Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу

Ишкер Media