Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө продукция экспорттоп жатат

Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө продукция экспорттоп жатат

Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын экспорту өсүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, республикада өндүрүлгөн 60тан ашуун айыл чарба продукциясы дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө экспорттолууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын январь–декабрь айларында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү жалпы экспорт көлөмүнүн 13,3%ын түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 8,8% болгон. Мындай өсүш тармактын туруктуу өнүгүп жатканын айгинелейт.

Экспорттун негизги багыттарынын бири — ЕАЭБ өлкөлөрү. Бул биримдикке жалпы экспорт көлөмү 17,1 млрд сомду түзүп, жалпы экспорттун 51%ын ээлейт.

Анын ичинде:

  • Россия Федерациясына экспорт көлөмү 7,8 млрд сомду түзүп, негизинен эт-сүт продукциялары, жашылчалар жана мөмө-жемиштер жөнөтүлгөн;
  • Казакстан Республикасына да 7,8 млрд сомдук продукция экспорттолуп, анын курамына жашылчалар, мөмө-жемиштер, тоок эти жана сүт азыктары кирет;
  • Беларусь Республикасына 1,5 млрд сомдук экспорт жүргүзүлүп, эт-сүт продукциялары, тоют жана макарон азыктары жеткирилген;
  • Армения Республикасына 13 млн сомдук продукция экспорттолуп, жашылчалар, жаңгактар жана эт азыктары жөнөтүлгөн.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын далилдейт. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрү республика үчүн негизги соода өнөктөштөр бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана