Өлкөнүн экономикасы кайсы багытта өнүгөт? Негизги план бекитилди

Өлкөнүн экономикасы кайсы багытта өнүгөт? Негизги план бекитилди

Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 2027–2031-жылдарга Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн сценарийлери сунушталып, алардын ичинен негизги макроэкономикалык багыт тандалды. Координациялык кеңештин мүчөлөрү сунушталган “Базалык” сценарийди жактырышты.

Сценарийлерди баалоо 2025-жылдагы алдын ала жыйынтыктарды, 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, ошондой эле ички жана тышкы факторлордун таасирин эске алуу менен жүргүзүлдү. Мында экономиканын негизги тармактарындагы учурдагы тенденциялар, инвестициялык активдүүлүк жана ички суроо-талап да талдоого алынган.

Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары экономикалык өсүшкө негизги салым кошууда. Ошол эле учурда туруктуу өсүштү камсыз кылуу үчүн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана инвестицияларды көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, 2030-жылга чейинки өнүгүү программасында ички дүң продуктунун (ИДП) туруктуу өсүшүн камсыз кылуу негизги максаттардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media
Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган

Ишкер Media
Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы толук

Ишкер Media