Зергерлерге 90 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет

Зергерлерге 90 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы колдоо чаралары ишке кирди. Өлкөдө ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн мурда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачкан эки маанилүү токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жаңы чечимдердин негизинде зергерлер эми баалуу металлдарды Мамлекеттик фонддон дүйнөлүк баага (LBMA) салыштырмалуу 2% арзандатуу менен сатып ала алышат. Мындан тышкары, төлөмдөр улуттук валюта — сом менен жүргүзүлөт. Бул механизм ишкерлерге чийки затты жеткиликтүү баада алуу менен өндүрүш чыгымдарын азайтууга жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Ошондой эле тармакты модернизациялоо жана өндүрүштү кеңейтүү максатында жеңилдетилген насыялоо программасы ишке киргизилди. Жалпы көлөмү 1 миллиард сомду түзгөн бул демилгенин алкагында ишкерлер "Элдик Банк" жана "АБанк" аркылуу 5 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык 6% үстөк менен 90 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Бул каражаттар жаңы жабдууларды сатып алууга, технологияларды жаңылоого жана өндүрүштү кеңейтүүгө багытталат.

Адистердин баамында, бул реформалар зергерчилик тармагын жаңы деңгээлге көтөрүп, ички рынокту өнүктүрүү менен катар экспорттук потенциалды да жогорулатат. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чакан, орто бизнести колдоого олуттуу салым кошот.

Зергерлер үчүн түзүлгөн бул мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалыматты жана колдоону алуу жолдорун видеодон көрө аласыз.

Мындан тышкары окуңуз

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media
Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган

Ишкер Media
Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы толук

Ишкер Media