Кыргызстан менен Беларусь өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Беларусь өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз-Беларусь биргелешкен кичи комиссиясынын экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйынга Кыргызстандан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, ал эми беларус тараптан өнөр жай министринин орун басары Леонид Рыжковский төрагалык кылышты.

Жолугушуунун негизги максаты эки өлкөнүн өнөр жай потенциалын бириктирүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү болду.

Тараптар өнөр жай тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында Кыргызстан менен Беларусь өнөр жай багытындагы стратегиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин белгилешти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти