Тогонун өкмөт башчысы Кыргызстандын бажы системасынын реформалары менен таанышты

Тогонун өкмөт башчысы Кыргызстандын бажы системасынын реформалары менен таанышты

Бүгүн Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе КРнын Мамлекеттик бажы кызматына расмий иш сапар менен келди.

Анын алкагында Того делегациясына Кыргызстандын бажы тармагындагы реформалары жана жетишкендиктери тааныштырылды. Коноктордун көңүлү өзгөчө санариптештирүү багытына бурулуп, делегацияга негизги процесстерди автоматташтырган заманбап маалыматтык системалар, “Бирдиктүү терезе” механизми жана мекемелер аралык электрондук байланыш мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында 2025-жылы 2020-жылга салыштырмалуу автоунаалардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 554 пайызга, ал эми бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 654 пайызга өскөн.

Ошондой эле конокторго өткөрүү пункттарындагы бардык процесстер онлайн көзөмөлдөнгөн Кырдаалдык борбордун иши көрсөтүлдү. Бул борбор агымдарды талдап, ыкчам чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Того өкүлдөрү Кыргызстандын бажы системасындагы санариптик өзгөрүүлөрдү жогору баалап, бул тажрыйбаны өз өлкөсүндө колдонууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media