Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр 1-окууда кабыл алынды

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр 1-окууда кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Биназир Нурланова баяндама жасап, документ менчиктештирүү процессин укуктук жактан өркүндөтүү, ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи.

Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык мамлекеттик кыймылдуу мүлктү ажыратууну өзүнчө жөнгө салуу каралууда. Ошондой эле коррупциялык жана соттук тобокелдиктер жогору болгон айрым ыкмалар, атап айтканда - экинчи конкурс аркылуу сатуу жана кийин сатып алуу укугу менен берүү же ижарага берүү механизмдери алып салынат.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу менчиктештирүү процесстеринин ачыктыгын жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, административдик чыгымдарды кыскартууга жана катышуучулар үчүн маалыматка тең жеткиликтүүлүктү камсыздоого мүмкүндүк берилет.

Талкуу маалында депутаттар Чынгыз Ажибаев жана Таалайбек Сарыбашов мүлктү баалоо тартибин такташты. Буга Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев баалоо көз карандысыз баалоочулар тарабынан жүргүзүлөрүн билдирди.

Депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорун демилгелөөнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени көтөрүп, менчиктештирүү процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media