Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

КРнын жарандары кээде чет өлкөгө чыгып жатып, карызы бар болгондуктан, чек арачылар тарабынан көйгөйлүү кырдаал жаралып калганын айтып жүрүшөт. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине кайрылып, жарандардын айып пулдары, салыктар жана башка карыздары тууралуу маалыматты алдын ала кантип текшерүү керектиги тууралуу сураган. Өз кезегинде министрликтин өкүлдөрү "Түндүк" мобилдик тиркемеси жарандарга мамлекеттик органдардын расмий маалымат базаларындагы маалыматтарды онлайн режиминде ыңгайлуу форматта көрүүгө мүмкүндүгүн билдирди.

 “Түндүк” тиркемеси кандай иштейт?

 "Түндүк" тиркемеси өз алдынча маалыматтарды өзгөртпөйт жана жаңы маалымат киргизбейт. Андагы бардык маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий маалыматтык системаларынан автоматтык түрдө чыгарылат. Башкача айтканда, жарандар тиркеме аркылуу мамлекеттик органдардагы өзүнө тиешелүү маалыматтарды тез жана жеңил көрө алышат.

 Айып пул жана карыздарды кантип текшерсе болот?

 Учурда жарандар өздөрүнүн айып пулдары жана карыздары тууралуу маалыматты бир нече жол менен текшере алышат:

·       тиркеменин башкы бетинде көрсөтүлгөн маалыматтар аркылуу;
·       «Кызматтар» бөлүмүнө кирип;
·       андан соң «Салыктар жана карыздар» бөлүмүн тандоо менен;
·       «Салыктар жана төлөмдөр боюнча карыз жөнүндө маалымкат (STI-20)» кызматын колдонуп расмий маалымкат алуу аркылуу.

Бул кызматтар жарандарга салыктар боюнча карыздарын, төлөнбөй калган айып пулдарын жана башка маалыматтарды көрүүгө жардам берет.

 Эмне үчүн алдын ала текшерүү маанилүү?

 Министрлик белгилегендей, мындай мүмкүнчүлүк айрыкча чет өлкөгө чыгууда, мамлекеттик кызматтарды алууда же башка маанилүү учурларда күтүлбөгөн тоскоолдуктарды алдын алууга шарт түзөт. Мисалы, айрым учурларда жарандар карызы же айып пулу бар экенин сапар алдында гана билип калышы мүмкүн. Ал эми алдын ала текшерүү аркылуу мындай маселелерди өз убагында чечүүгө болот.

 Маалымат жаңырбай калса эмне кылуу керек?

Айрым маалыматтар мамлекеттик органдардын базасында жаңыртылгандан кийин гана тиркемеде көрсөтүлөт. Ошондуктан жаңы төлөнгөн айып пул же карыз дароо көрүнбөй калышы мүмкүн.

Эгерде тиркемеде маалымат так эмес болсо же такыр чыкпай жатса, жарандарга тиешелүү мамлекеттик органга түз кайрылуу сунушталат. Мисалы: салык боюнча маселелерде – салык органдарына; айып пул боюнча – тиешелүү каттоо же көзөмөл органдарына.

 Санарип кызматтар кеңейүүдө

 Адистердин айтымында, Түндүк тиркемеси мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу максатында иштелип чыккан. Учурда тиркеме аркылуу көптөгөн маалымкаттарды алуу, документтерди текшерүү жана кызматтарга онлайн кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар.

 Жарандар үчүн эң негизги артыкчылык болуп – убакытты үнөмдөө жана маалыматты каалаган жерден текшерүү мүмкүнчүлүгү саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып

ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

“Манас” эл аралык аба майданы 31-августта жана 1-сентябрда ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу өзгөчө режимде иштейт. “Кыргызстан аэропорттору” ААК маалымдагандай, күндүз үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу чектелет. Маалыматка ылайык, 31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакта аба