Президент “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты

Президент “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде орнотулган Достук стеласы менен, ошондой эле “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Эске салсак, 2025-жылдын 31-мартында үч мамлекеттин президенттери онлайн форматта боордош элдердин достугун, чек ара маселелеринин жөнгө салынышын жана аймактык кызматташтыктын жаңы этабын символдоштурган стеланын ачылыш аземине катышкан. 

Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысына үч өлкөнүн чек ара аймагында курула турган “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын башкы планы тааныштырылды. 

Көрсөтүлгөн концепцияга ылайык, жалпы аянты 100 гектар болгон комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарын камтый алат. Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 
Белгиленгендей, долбоор ишке ашкан учурда 5 миңден ашуун жумуш орундары түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт. 

Мындан тышкары, концепцияда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык маданий иш-чараларды, этнофестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү каралган. Бул маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөгө жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасын жайылтууга өбөлгө түзөт. 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media