Кыргызстан менен Черногориянын соода алакасы чыңдалат
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Подгорица шаарындагы иш сапарынын алкагында Черногориянын мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрү менен бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди.
Маалыматка караганда, Черногориянын Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Туризм тармагына өзгөчө басым жасоо менен өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле кыргызстандык адистер үчүн стажировка мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу боюнча макулдашылды.
Палатанын чет өлкөлөрдөгү катышуусун кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бекназар Асанов расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Черногориядагы өкүлү катары тааныштырылды.
Ошондой эле Черногориянын Туризм министрлигинде жана Экономика министрлигинде жолугушуулар өттү. Кызматташууну кеңейтүү, инвестиция тартуу жана кыргызстандык компаниялардын Европа рынокторуна чыгуу маселелери талкууланды.