Кыргызстан менен Түштүк Кореянын эномомикалык кызматташтыгы бекемделүүдө

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын эномомикалык кызматташтыгы бекемделүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев KOTRAнын аймактык директору Хон Ду Ён менен жолугушту.Бул тууралуу Соода палатасынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-корея соода-экономикалык кызматташтыгынын келечектүү багыттарын, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүнү жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүнү талкуулашты.

Бул жолугушуу KOTRAнын жаңы аймактык директору үчүн палатанын ишмердүүлүгү менен таанышып, инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болгону белгиленди.

2026-жылдын экинчи жарымына пландаштырылган KOTRAнын Бишкек филиалынын ачылышына өзгөчө көңүл бурулду. Өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо, бизнес, инвестиция жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болот деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана