Москвада "Нарын" эркин экономикалык аймагынын өкүлчүлүгү ачылды
Москва шаарында "Нарын" эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде биринчи катчы Назира Маматканова катышты.
Аземдин жүрүшүндө долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн «Москва-Тянья» эл аралык автоунаа борборуна ыраазычылык кат тапшырылды.
Белгиленгендей, жаңы өкүлчүлүк бизнес өкүлдөрүнө эркин экономикалык аймактын мүмкүнчүлүктөрү боюнча консультация берип, экспорттук операцияларды колдоо жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында иш алып барат.
Өкүлчүлүк Москва шаарындагы Каширское шоссе көчөсү, 61-үй, 3А корпус дарегинде жайгашкан.