Инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Кыргызстанда мыйзамдык база күчөтүлөт

Инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Кыргызстанда мыйзамдык база күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко жана Дүйнөлүк банк тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар венчурдук каржылоо жөнүндө мыйзам долбоорун илгерилетүү, ошондой эле инвестициялоонун альтернативдүү булактарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жалын Жээналиев өнөктөштөргө кызматташтыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, заманбап жана туруктуу укуктук базаны түзүү инновациялык экономиканы өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

"Венчурдук инвестициялар жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүнүн жана жеке капиталды тартуунун негизги факторлорунун бири болуп саналат", — деди ал.

Өз кезегинде IFC өкүлдөрү Казакстан жана Өзбекстандын венчурдук экосистемаларды өнүктүрүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, инвестициялык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган заманбап каржылык механизмдер тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мыйзам чыгаруу демилгелерин алдыга жылдыруу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоого жана эксперттик, аналитикалык, техникалык колдоону күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Белгиленген чаралар инвестициялык климатты жакшыртууга, туруктуу финансылык рынокту түзүүгө жана Кыргызстандагы стартаптар менен венчурдук экосистеманын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрү айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media