Кыргызстан менен Корея соода-экономикалык алаканы бекемдөөнү көздөөдө

Кыргызстан менен Корея соода-экономикалык алаканы бекемдөөнү көздөөдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууга КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директор Хон Дуён, Алматы филиалынын директору Ким Джунг-хун жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директордун орун басары Йе Гван Хо катышты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле кореялык компаниялар жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын тааныштырышты. Ошондой эле инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти. Алар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Түштүк Кореянын бизнес-коомчулугу арасында илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media