Кыргызстан менен Кытай “Торугарт” жана “Эркечтам” боюнча макулдашууларды талкуулады

Кыргызстан менен Кытай “Торугарт” жана “Эркечтам” боюнча макулдашууларды талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз менен видео байланыш форматында сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышканын өкмөттөн билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону өнүктүрүү жана илгерилетүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Маалыматка ылайык, учурда эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба продукциясынын ар кандай түрлөрүн экспорттоо боюнча 17ге жакын протоколго кол коюлган.

Тараптар ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнү кеңейтүү максатында Ош аэропортунда жүк кампасын түзүү маселесин да карашты.

Жолугушууда учурда курулушу активдүү жүрүп жаткан “Барскоон–Бедел” автожолуна байланышкан маселелер дагы көтөрүлдү. Атап айтканда, жол курууга керектелүүчү атайын техникаларды, курулуш жабдыктарын жана башка жүктөрдү Кыргызстандын аймагына өткөрүү үчүн убактылуу жол уюштуруу маселеси талкууланды.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты, транспорттук-логистикалык байланыштарды жана башка тармактардагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media