Кыргызстан менен Татарстан туризм жана соода тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Татарстан туризм жана соода тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Казань шаарындагы "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун алкагында Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-татарстандык кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Данияр Амангельдиев Кыргызстан аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, Татарстанды негизги экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары атады.

Ошондой эле ал татарстандык тарапты алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна катышууга чакырды. Анын айтымында, Татарстандын спортчуларынын жана делегациясынын көчмөндөр оюндарына катышуусу эки элдин тарыхый жана маданий жакындыгын көрсөтөт.

Тараптар туристтик тармактагы кызматташтыкты дагы талкуулашып, тоо лыжа туризмин өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Бул багытта Кыргызстан менен Татарстандын тажрыйба алмашуусу маанилүү экени белгиленди.

Өз кезегинде Рустам Минниханов Кыргызстанды боордош өлкө катары бааларын айтып, Президент Садыр Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге урмат-сыйын жолдоду.

“Бизди тарых, ишеним жана каада-салттар бириктирет. Соода-экономикалык кызматташтыкта чоң мүмкүнчүлүктөр бар жана биз аны өнүктүрүүгө даярбыз”, — деди Татарстан Раиси.

Мындан тышкары, жолугушууда экологиялык кызматташтык, анын ичинде илбирсти сактоо маселеси дагы көтөрүлдү. Татарстан тарап Кыргызстандын биоартүрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын коргоо демилгелерин колдоорун билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media