Кыргызстанда ирригация системасын жаңылоого 16 млрд сом инвестиция тартылат

Кыргызстанда ирригация системасын жаңылоого 16 млрд сом инвестиция тартылат

Кыргызстандын суу чарба инфраструктурасын жаңылоого багытталган “Ирригацияга инвестициялоонун улуттук программасынын” алкагында 16 млрд сомдон ашуун инвестиция тарткан долбоорлорго кол коюлат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Өмүкө” чарбалар аралык сугат каналын, ошондой эле Талас облусундагы Бакай-Ата жана Айтматов райондорун суу менен камсыз кылган Көкүмбек Таштаналиев атындагы Чоң Талас каналын модернизациялоо маселелери сунушталат.

Долбоорлор ишке ашкандан кийин 15 миң гектардан ашуун айдоо жерлери кошумча сугат суу менен камсыз болуп, 67 миңден ашуун калк түздөн-түз сугат суусуна жетет.

“Ирригацияга инвестициялоонун улуттук программасы” ирригациялык системаларды жаңылоого, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Программанын алкагында 440 чакырымдан ашуун суу каналдары жана дренаждык инфраструктура реконструкцияланып, 82 миң гектар айдоо жеринин сугат шарттары жакшыртылат.

Долбоордун жалпы көлөмү 193 млн АКШ долларын түзөт. Ал Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 6 жыл ичинде ишке ашырылат.

Адистердин айтымында, бул демилге суу тартыштыгы жана климаттык өзгөрүүлөр шартында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана айыл чарба тармагынын туруктуулугун бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media