Кыргызстанда Кореянын катышуусундагы туруктуу агроөнөржай борбору ачылат

Кыргызстанда Кореянын катышуусундагы туруктуу агроөнөржай борбору ачылат

Кыргызстанда заманбап агротехнологияларды жана экологиялык таза өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган жаңы агроөнөржай борбору ачылат. Аталган комплекс 18-майдан тарта ишин баштайт, ал эми анын  расмий ачылышы 20-майда өтөт.

Бул тууралуу айыл чарба илимдеринин кандидаты, мурдагы айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев 1-радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул борбор Кореянын экологиялык жана жаратылышты коргоо жагынан дүйнөдөгү эң алдыңкы технологиялар менен камтылган жабдуулар жана продукцияларын үзгүлтүксүз алууга мүмкүн болгон көргөзмө жарманке катары сунушталат.

“Акыркы 3-4 жылдан бери биз Корея мамлекетиндеги инвесторлорду тартуу максатында өнөктөштөрдү даярдап келгенбиз. Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзү боюнча да үзгултүксүз иштей турган жарманке болбоптур. Буга чейин агроөнөр жай шаймандары, күнөскана шаймандары Кыргызстанга ортомчулар аркылуу алып келинип жаткан. Эми биз ортомчуларды жокко чыгарып, Кыргызстанга түз жеткирүүчү борбор ачалы, деп жатабыз. Көргөзмө жарманкеге 250 млн $ жүгүртүү каражаты бар, Кореядан келген 40 жакын агроөнөржай компаниялар жана 20 жакын өнөр жай компаниялар катышат” – деп билдирди Таалайбек Айдаралиев.

Адистин айтымында, бул борбор “Ак бата” жаңы конушундагы эски күнөскананын ордунда 1 гектар аянтта жайгашкан. Ал жер кайрадан оңдоп түзөтүүдөн өтүп, чакан жери күнөскана болуп, калган аймагын 60 компаниянын жабдуулары ээлемекчи.

Борбордон сатып алуучулар тырмоочтон баштап жаратылышка зыяны жок агропродукциянын турлөрү сатып ала алышат. Мындан сырткары борбордо жок агроөнөржай шайманын же продукцияны буйрутма кылып, ортомчулар жок эле Кореядан түз сатып алууга шарт түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media