Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 1,5 айга жетет

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 1,5 айга жетет

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын запасы учурда 1–1,5 айга жетет. Бул тууралуу нефть трейдерлеринин маалыматына таянып Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөгө мунай заттарын жеткирүү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын жылдык муктаждыгы болжол менен 1,6 млн тоннаны түзөт.

Белгиленгендей, 2023-жылы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен ири нефть трейдерлеринин ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, компаниялар күйүүчү майдын баа жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздап, ички рынокто тартыштыкка жол бербөөгө макулдашышкан.

Учурда кызмат тарабынан май куюучу станциялардагы бааларга күн сайын мониторинг жүргүзүлүп, ЕАЭБ жана башка өлкөлөрдөгү баалар менен салыштыруу жүргүзүлүп турат.

Маалыматта Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга салыштырмалуу төмөн экени, ал эми Россия жана Казакстанга караганда жогору экени айтылды.

Ошондой эле өлкөдөгү абал Россиядан күйүүчү майдын туруктуу жеткирилип турушу менен байланыштуу экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media