Кыргызстанда рубль кымбаттап, теңге арзандады
Улуттук банк маалымдагандай, орус рубли менен кытай юанынын курсу кайрадан өсүп, жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Ал эми казак теңгеси тескерисинче арзандады.
Учурда доллардын расмий курсу 87,45 сом болуп, өзгөрүүсүз калды. Евро бир аз кымбаттап, 102 сомдон ашты.
Орус рубли 1,188 сомго чейин көтөрүлүп, акыркы бир нече жылдагы эң жогорку деңгээлге чыкты.