Түркиялык ZENA Enerji компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Түркиялык ZENA Enerji компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркиянын ZENA Elektrik ve Enerji Anonim Şirketi компаниясынын жетекчиси Йүксел Чагры Гүрсес менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Бакыт Сыдыков өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

Министр Кыргыз Республикасы ZENA Enerji компаниясынын инвестициялык долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде компания жетекчиси Йүксел Чагры Гүрсес Кыргызстандагы инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөргө кызыгуусу артканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды активдештирүү жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары чыңдоо боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, ZENA Enerji компаниясы 2015-жылдан бери кайра жаралуучу энергия, айрыкча күн энергетикасы тармагында иш алып барып келет.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media