2026-жылдын январь-апрелинде ИДП өсүүсү камсыздалды

2026-жылдын январь-апрелинде ИДП өсүүсү камсыздалды

Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-апрелинде өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 12,4% жогорулоо менен 602,8 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактар жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 23,0%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 7,2% , ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,5% жогорулады. 

ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 50,3% туура келип, мурунку жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 4,9 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 4,2 пайыздык пунктка жогорулап 33,1%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайыздык пунктка, өнөр жай 2,2 пайыздык пунктка жогорулаган, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,5 пайыздык пунктка кыскарган.

💡
Келтирилген маалыматтар, 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген. ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media