Данияр Амангелдиев: Экономиканын өсүү темпи 10%дан төмөндөгөн жок

Данияр Амангелдиев: Экономиканын өсүү темпи 10%дан төмөндөгөн жок

Кыргызстандын экономикасы акыркы беш жылдан бери туруктуу өсүштү көрсөтүп, жылдык өсүү темпи 10%дан төмөн түшкөн жок. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” “Ачык кабинет” программасында билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы төрт айындагы статистикалык маалыматтар боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 602,8 млрд сомдон ашкан.

“Бул өсүү темпи былтыркы жылга салыштырмалуу 12,4 пайызга чейин жетип, динамикасы жакшы деп эсептелет. Эң негизги өсүштөр - курулуш тармагы, өндүрүш тармагы, кызмат көрсөтүү тармагы жана айыл-чарбасы дагы жакшы көрсөткүчтөрдү берип келе жатат”, — деди ал.

Минкаб өкүлүнүн айтымында, жыл башынан бери ири өндүрүш ишканаларын колдоо үчүн каржылык жана административдик шарттар түзүлүп, жыл сайын 100дөн кем эмес ишканалар ачылып жатат. Азыркы учурда орто жана чакан бизнеске, айрыкча тигүү тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта Президенттин түз тапшырмасы менен жеңилдетилген каржылоо механизмдери ишке киргизилген.

“Азыр банк тармагында 20 пайыздык чен болуп жаткандыктан, ишкерлерди колдоо үчүн аны 10 пайызга чейин түшүрүүнү сунуштаганбыз. Бирок Президент бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, өз фондунун эсебинен пайыздык ченди “нөлгө” чейин түшүрүүнү тапшырган”, — деди Амангелдиев.

Анын айтымында, тигүү тармагында экспорт, сертификация жана ишкердикти легалдаштыруу маселелери да актуалдуу бойдон калууда. Бул үчүн Экономика жана коммерция министрлигинин алдында атайын жардам берүүчү кабинет ачылган.

Мындан тышкары, 2026-жылга карата өнүктүрүү программасынын алкагында пайыздык чендерди субсидиялоо механизми дагы каралган.

“Биринчи этапта 300 млн сом бөлүнгөн. Биринчи кварталдын ичинде эле бул каражатка суроо-талап жогору экени далилденди. Каражат толук өздөштүрүлгөндөн кийин дагы кошумча 300 млн сом каралды”, — деп кошумчалады Данияр Амангелдиев.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media