Кыргызстанда ички дүң продукция 12,4%га өстү

Кыргызстанда ички дүң продукция 12,4%га өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясында аппараттык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө МинКаб башчысы 2026-жылдын январь-апрель айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду.

Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 602,8 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4%га өскөн.

Ошондой эле курулуш тармагындагы өсүш 72,8%ды, өнөр жай тармагында 14,7%ды, кызмат көрсөтүү секторунда 7,2%ды жана айыл чарба тармагында 3%ды түзгөнү белгиленди.

Мындан тышкары, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 128,6 миллиард сомго жетип, 69,7%га өскөн. Бул көрсөткүч ички жана тышкы каржылоо булактарынын көбөйүшү менен байланыштуу экени айтылды.

Аппараттык жыйында өкмөттүк акселераторлордун алкагында үч жаңы реформага старт берилди. Алар:

  • чет өлкөлөрдө формалдуу эмес сектордо иштеген эмгек мигранттары үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
  • медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоону жөнөкөйлөтүү;
  • мектеп окуучуларын профилактикалык кароодон өткөрүү жана оорулар боюнча каттоону санариптештирүү.
Ошондой эле “Инвестициялар” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана сыйлыктар жаатындагы процесстерди электрондоштурууга багытталган “Сыйлык” маалыматтык системасы иштелип чыгып жатканы маалымдалды.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга аталган реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашырып, конкреттүү жыйынтык көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media