Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорунун көлөмү 456 млрд сомдон ашты

Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорунун көлөмү 456 млрд сомдон ашты

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфели туруктуу өсүштү көрсөтүп, жалпы инвестиция көлөмү 456 млрд сомдон ашкан 90дон ашык демилгени камтыйт.

Агенттиктин маалыматына ылайык, алардын ичинен 67 долбоор активдүү ишке ашыруу стадиясында болсо, 23 долбоор деталдуу даярдоо баскычында турат. 2026-жылдын башынан тартып жалпы суммасы 1 млрд сомдон ашкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 4 келишимге кол коюлган.

2026-жылдын январь–апрель айларында бир катар социалдык мааниге ээ долбоорлор ишке ашырылды. Бишкек шаарында заманбап CITY Market базарынын курулушу башталып, коомдук санитардык объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылууда.

Аймактарда "Береке Базары" рыногун масштабдуу реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлушу, ошондой эле Орловка шаарындагы курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун ишке кириши негизги окуялардын бири болду.

Стратегиялык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлуп, ошондой эле өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон Макмал–Каракол темир жолунун долбоорун иштеп чыгуу улантылууда.

Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы позициясы бекемделүүдө. Эл аралык баалоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы көрсөткүчтөрүн жакшыртып, 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү.

Америкалык All American Rail Group компаниясы менен кызматташуунун, ошондой эле B5+1 форумуна, Istanbul PPP Week иш-чарасына жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын иш-чараларына катышуунун алкагында эл аралык инвесторлорду тартуу жана МЖӨ механизмдерин илгерилетүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда. Учурда жалпы кубаттуулугу 300 МВтка чейинки кайра жаралуучу энергия булактары жана гидроэнергетика тармагындагы долбоорлор, анын ичинде күн жана шамал электр станциялары, ошондой эле чакан ГЭСтер илгерилетилүүдө.

Муну менен катар Ош, Талас, Нарын жана Чүй облустарында окутуу тренингдерин өткөрүү аркылуу аймактардагы кадрдык потенциалды чыңдоо иштери улантылууда. Бул иш мамлекет менен бизнестин туруктуу өнөктөштүк системасын калыптандырууга жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media