Ош жана Жалал-Абадда мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды

Ош жана Жалал-Абадда мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Ош жана Жалал-Абад облустарында акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктады.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын борбордук базарында жүргүзүлгөн рейд учурунда акциздик маркасы жок 388 куту тамеки сатылып жатканы аныкталган.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ички иштер органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Туу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен акцизсиз 520 куту тамеки табылып, алынган.

Мындан тышкары, Ала-Бука районунда дагы акциздик маркасы жок 9 миң куту тамеки аныкталганы маалым болду.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Япония өкмөтү тарабынан берилген медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаты болуп өттү.  Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюти, элчиликтин 2-катчысы Танимото Тацуя катышты.  Бул иш-

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады. Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Ушул жылдын

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой